Бүгүн,11-декабрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде «Куттуу боз үй» аталышындагы көргөзмө ачылат. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көргөзмө 11-25-декабрь күндөрү өтөт, андан кийин Ош, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында уланат.
«Бул көргөзмө «2020-жылдагы искусство чөйрөсүндөгү стипендия» демилгесинин негизинде «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен уюштурулат. Сүрөтчү Алтынай Осмоева кыргыздын боз үйүнүн түзүлүшүнөн, каада-салт сактаган салттуу маанилеринен эргүү алып, жаратмандык көз карашын заманбап искусство жана дизайн аркылуу коомчулукка тартуулайт. Сүрөтчүнү шыктандырган боз үйдүн көрктүүлүгү, түзүлүшү жана философиясы кийизден жасалган заманбап искусство объектилеринде көрсөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Көргөзмөнүн визуалдык катарын жарык жана үн орнотуулар, сүрөттөр, видеотасмалар толуктайт.