Президент Садыр Жапаров жакынкы жылдары Кыргызстан 25–30 миллионго чейин чет элдик туристтерди кабыл алышы мүмкүн экенин билдирди.Бул тууралуу ал Туризм инфраструктурасын өнүктүрүүнү талкуулоо учурунда Чаткал районунун тургундары менен болгон жолугушууда айтты.
Жергиликтүү ишкерлердин бири мамлекет башчысына бир катар жылдардан бери туристтик бизнести өнүктүрүүгө аракет кылып жатканын, бирок жер тилкелерин тариздөөдө кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын айтып берди.
Анын айтымында, уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн райондон алыс жайгашкан түрдүү мамлекеттик органдарга кайрылууга туура келүүдө. Ишкер жергиликтүү тургундар жер жана башка маселелерди ордунан чече алышы үчүн Чаткалга адистердин көчмө тобун уюштурууну сунуштады. Жооп катары Садыр Жапаров тиешелүү ведомстволорго туризмди өнүктүрүүнү көздөгөн ишкерлерге көмөк көрсөтүүнү тапшырды.
Президент токой фондусунун жерлеринде мыйзамдарды сактоо менен жеңил туристтик конструкцияларды, анын ичинде A-frame стилиндеги үйлөрдү жана боз үй лагерлерин жайгаштырууга болорун белгиледи. Ошол эле учурда мындай тилкелерде капиталдык курулуштарды жүргүзүүгө жол берилбейт.
«Эгерде адам туризмди өнүктүрүүнү кааласа, биз аны эки колубуз менен тең колдошубуз керек. Келечекте сиздер туристтерди жайгаштырганга жетишпей каласыздар», — деди Жапаров.
Президенттин айтымында, 2020-жылы Кыргызстанга 3,5 миллионго жакын турист келсе, азыр бул көрсөткүч 13 миллионду түзөт.«Жакынкы жылдары биз 25–30 миллион туристти күтүп жатабыз», — деп билдирди мамлекет башчысы.



