Өлкөдө быйыл онкологиялык ооруларды дарылоого 2,5 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан “Балдар онкологиясы жана гематологиясы” аттуу эл аралык конгрессте билдирди.
Анын айтымында, буга чейин онкологиялык ооруларды дарылоого 1,5 млрд сом бөлүнүп келген. Быйыл каржылоонун көлөмү 2,5 млрд сомго чейин көбөйтүлдү.
“Бөлүнгөн каражат онкологиялык оорулар менен жабыркаган бейтаптар үчүн дары-дармектердин жетишсиздигин кыйла азайтууга жардам берет. Албетте, бул сумма бардык онкологиялык ооруларды дарылоого кеткен чыгымдарды толук жаппайт. Бирок, жылдан жылга каржылоо көбөйтүлсө, жакшы шарттарга жетише алабыз”, — деди ал.



