Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова соттун чечими менен акталды. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров жазып чыкты. Мындай чечимди Жети-Өгүз райондук соту чыгарган.
«Соттун өкүмү менен ҮМБнын Ысык-Көл облусу боюнча мурдагы башкы дарыгери Бейшекан Жайлымышева толугу менен акталып, реабилитацияланды» — деп берилет маалыматта.
Эскерте кетсек, 17-майда Мээрим Тилекованын жашаган жери аныкталып, опузалап пара алуу негизинде тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында андан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилген.