Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан тоноочулукка шектелген жаш жигиттердин тобу кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБне Б.Т. аттуу жаран кылмыштуу топтун талап-тоноосуна кабылгандыгы тууралуу арыз жазып кайрылган.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында Көк-Жар кичи районунан белгисиз жарандар физикалык күч колдонуп анын жалпы суммасы 36 миң сомду түзгөн «SamsungА-51» жана «Redmi 7» уюлдук телефонун тартып алышкан. Андан соң алар кылмыш болгон жерден из жашырып кетишкен.
Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренеси (тоноо) менен сотко чейинки өндүрүш башталды.
«Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь РИИБнин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан2002-жылы туулган Т.А., 2002-жылы туулган А.К., 2002-жылы туулган Ж.К., 2002-жылы туулган А.А., 2002-жылы К.А. жана 2002-жылы туулган А.А. аттуу жарандар тергөө кызматына жеткирилген. Алардын ичинен кылмышка шектүү А.А., К.А. жана А.А. 18 жашка толо электигине байланыштуу милдеттенме боюнча бошотулушту. Алардын автоунаасын тинтүү учурунда Макаровдун сигналдык тапанчасын, ашкана бычагы, 12 патрон, ар кандай үлгүдөгү 7 уюлдук телефон, сим-карталар табылып, буга ылайык тиешелүү экспертизалар дайындалды», — деп берилет маалыматта.