7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тогуз-Тородо көп жылдан бери баңгизат менен алектенип жүргөн жаран кармалды

302

Тогуз-Тородо көп жылдан бери баңгизат менен алектенип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо РИИБдин кызматкерлери “Б” аттуу район тургуну баңгизатын колдонуп жүрөт деген ыкчам маалымат алышкан. Алынган ыкчам маалыматтын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, алгачкы текшерүү иштери жүргүзүлүп, Тогуз-Торо райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан анын үйүн тинтүү тууралуу токтом кабыл алынган.

«2020-жылдын 1-декабрь күнү саат 19:30 чамасында 1976-ж.т. Ш.Б. аттуу Тогуз-Торо районунун тургунунун жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда 2 (эки) даана тегерек формадагы кара-күрөң түстөгү, өзгөчө кескин жыты бар, салмагы болжол менен 20 грамм болгон заттар далил буюм катары алынган. Бул факты боюнча 2020-жылдын 2-декабрь күнү Тогуз-Торо РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 268-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ш.Б. 25 (жыйырма беш) жылдан ашуун убакыттан бери ар түрдүү баңгизаттарын чегип жүргөндүгү такталган. Анын үйүн тинтүү учурунда баңгизатын жасоочу курал-жарактар да табылган. Ал көп жылдан ашуун убакыт Казарман айылынын алыскы тоолорунда өскөн баңгизаттык жана мыйзамга каршы келген чөптөрдү алып келип, андан баңгизаттарынын түрлөрүн жасап, өзү колдонуп, коомго жат келген кылмыш ишин жасап жүргөн. Алынган баңгизаттары боюнча дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат каннабистин смоласы (гашиш) экендиги аныкталган», — деп берилет маалыматта.

Азыркы учурда Ш.Б. Тогуз-Торо райондук сотунун тергөө судьясынын токтомунун негизинде 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармалуучу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

303