7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров таластык жаштар менен бир тууганча баарлашты

282

Садыр Жапаров таластык жаштар менен бир тууганча баарлашты. Кечээ Садыр Жапаров Талас облусундагы стадиондо миңдеген шайлоочулары менен жолугушуу өткөргөн. Дал ошол жолугушуудан кийин таластык жаштар Садыр Жапаровду тегеректеп, дагы да баарлашууну улантууну суранышты. Токтогулга болгон сапарын бир-эки саатка жылдырууга макул болуп, пландан тышкары, бейформал жолугушуу ошол тегеректеги эле кафелердин бирине уюштура калышты.

Талапкер алгач таластык жаштарга өзүнүн платформасы боюнча азыноолак түшүндүрүп, биринчи кезекте жасалчу иштери, негизги кадамдары тууралуу айтып берди. Жаштар да көйгөйлүү, орчундуу, жалпы мамлекеттин эртеңкисине байланышкан суроолорун беришип, Садыр Жапаров менен бир туугандай, ээн-эркин баарлашып, элдик лидердин элдик иштеринде көмөкчү болорун, бутуна бут, колуна кол болуп, мамлекетти көтөрүүгө, жардам берүүгө даяр экенин бир ооздон айтышты.

Садыр Жапаров жаштарга мамлекеттик башкарууну жаңылоо тууралуу айтып, мамлекеттик кызматтарга эми тааныш-билиштик, акчанын күчү менен эмес, билими, тазалыгы башкы орунга чыгаарын айтты. Мындан тышкары, экономикалык өнүгүү, коррупцияга каршы күрөш, билим берүүнүн келечеги сыяктуу орчундуу суроо-жооптор болду. Жылуу маанайдагы бул жолугушуудан соң Садыр Жапаров кийинки жолугушуусуна сапар тартты.

Өндүрүүчү(Актакаруучу): 7tv.kg дареги: Байтик Баатыр 53
Буйрутма берүүчү: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президенттигине
талапкер С. Жапаровдун каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан төлөндү. Нускасы: 1. Өндүрүлгөн күнү: 16.12.2020-ж

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

283