Таксистти өлтүрүүгө аракет кылган жубайлар кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 12-декабрында Сокулук РИИБге Бишкек шаарынын 2001-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган.
Анын айтымында, 12-декабрь күнү саат 20: 00дө 20-25 жаштагы жигит менен кыз Новопавловка айылына унаа менен барууну суранышкан.
«Алар айдоочуга кол салып, телефонду жана 600 сомун алышкан. Андан кийин алар айдоочуну БЧКнын жанына ыргытып жиберишип, анын унаасына отурушкан. Унаа ошол эле күнү кылмыш болгон жерден алыс эмес жерден табылган. 15-декабрда кылмышка шектүүлөр кармалган. Алар Б. С, 1998-жылы туулган жана анын жубайы Э. Н., 1995-жылы туулган», — деп берилет маалыматта.