ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзүшкөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, издөөдө жүргөн кыргыз жараны, Ош облусунун тургуну 1967-жылы туулган С.Ш. кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайкы, ал 2015-жылы өзүнүн шериктери менен жабырлануучунун ишенимине алдоо жолу менен кирип, банкты ачуу шылтоосу менен акча каражатын алып, изин жашырып качып кетишкен. Жыйынтыгында жабырлануучуга 2 миллион 350 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.
Жогорудагы жаран Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктунда, 3-бөлүгүндө (Алдын ала сүйлөшүү аркылуу адамдардын тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Азыркы учурда издөө алган тарап-Кадамжай РИИБи кабарланды. Мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.