7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир ай бою муктаждарга бекер тамак-аш таратылат

573

Каракол шаардык хатибияты Рамазан айында өзгөчө кайрымдуулук ишин өткөрүүдө. Бул туурасында Каракол шаарынын “Иброхим Ажы” мечитинин имамы Рустам ажы Ыбыкеев билдирди.

Анын айтымында, мечиттин жанында атайын “Кайрымдуулук дүкөнү” уюштурулуп, бир ай бою муктаждарга бекер тамак-аш таратылмакчы. Башкача айтканда, кайрымдуу адамдар келип тамак-аштарды “Кайрымдуулук дүкөнүнө” калтырып кетишет, а муктаждар келип алып кетишет.

“Оорулуу адамды зыярат кылуу, муктаждарга жардам көрсөтүү, мусулман бир туугандын зарылчылыгын бүтүрүү жана башка сыяктуу амалдар өтө сооптуу жана таасирдүү иштерден. Колубуздан келишинче кайрымдуулук кылып, муктаж бир туугандарыбызга жардам көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз”, – деп белгиледи Рустам ажы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

574