Бүгүн, 7- апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Алмасбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Маданият министри Алтынбек Максутов, Сталбек Алмасбековдун өзгөчө таланттуу инсан болгондугун баса белгилеп, “Ал ар бир ырын жүрөккө жеткире ырдап, калың элдин сүймөнчүлүгүнө айланган. Сталбек ага кыргыз элине гана таанымал эмес, дүйнө элине да таанылды. Чет өлкөгө гастролго көп чыкты. Эл аралык деңгээлде өткөн бир катар фестивалдарга катышты. Көптөгөн жаш ырчыларды окутуп, шакирттерди тарбиялады. Алардын айрымдары азыркы учурда эл аралык деңгээлдеги көрүнүктүү ырчылардан болушту. Ал өз өмүрүн татыктуу жашап, артында өчпөс из калтыра алды”- деп, маркумдун жакындарына кайрат айтты.
Маркумдун сөөгү «Ала Арча» көрүстөнүнө коюлду.