7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Новиков: Күнүмдүк керектелүүчү азыктардын ички рыноктогу баасын турукташтыруу зарыл

220

Күнүмдүк керектелүүчү азыктардын ички рыноктогу баасын толук турукташтырууну камсыз кылуу зарыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча өткөрүлгөн жыйында билдирди.


«Бир айдан бери биз күнүмдүк керектелүүчү азыктардын кымбатташын ооздуктоо боюнча иш жүргүздүк, бирок кырдаалды турукташтыруу мүмкүн болбой жатат. Баа саясатына мониторинг жүргүзүү боюнча берилген тапшырмалардын, товарларды дүңүнөн сатуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жарманкелерди уюштуруу боюнча аткарылган иштердин негизинде акыркы жумаларда баалардын дагы жогорулап кетишинин алдын алууга мүмкүндүк болду, бирок бул тийиштүү деңгээлде натыйжалуу боло алган жок. Баалар боюнча жүргүзүлгөн талдоо социалдык жактан маанилүү азык-түлүк наркына карата аймактар ортосунда олуттуу ажырым бар экенин көрсөттү. Логистикалык чыгымдар бар экени түшүнүктүү, бирок анчалык деле чоң эмес. Мисалы, доллардын курсу жогору, бирок акыркы айларда туруктуу болууда. Баалардын мындай көтөрүлүшүнүн себеби эмнеде?! Азык-түлүк коопсуздугун жана баалардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын жыйындысын кабыл алуу керек», — деп белгиледи Артем Новиков.


Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Кыргыз Республикасына товар ташып келүүдө ортомчу уюмдарды четтетүү жана рынокто бааларды турукташтыруу үчүн өндүрүүчүлөр менен түз келишимдерди түзүү зарылдыгын белгиледи.


«Биз экономикадагы мамлекеттик жөнгө салуунун тарапкери эмеспиз. Бирок кырдаал курчуп кетсе, шашылыш чараларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу керек болот. Базар экономикасынын өзүнүн эрежелери бар, бирок биз калктын товарларды түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн жана импортерлордон дүң баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышыбыз керек. Биринчи кезекте жарандар жөнүндө ойлонушубуз керек. Ошондой эле күнүмдүк керектелүүчү товарларды, майда жандыктарды жана бодо малды мыйзамсыз экспорттоого тыюу салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, эттин баасын төмөндөтүү мүмкүн болбой жатат. Бир аз төмөндөгөндөн кийин дүң базардагы баалар кайрадан көтөрүлдү. Бул белгиленген чектөөлөрдү айланып өтүү механизми бар экендигин айгинелейт. Мыйзамсыз экспорттоону токтотуш керек. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына социалдык маанилүү товарлардын дүң бааларына жараша чекене базардагы ренитабелдүүлүк деңгээлине мониторинг жүргүзүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди», — деди Премьер-министрдин м.а.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

221