7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды (ТИЗМЕ)

264

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан Талант Мамытовдун дарегине Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кээ бир райондук, шаардык сотторунун, ошондой эле Ош облустук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун айрым судьялык бош кызмат орундарына дайындоого 20 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.


КР Президентинин милдетин аткаруучу, КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алып, судьялык кызматка 9 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунуштары менен макул болду.


Ал эми калган 11 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка сунушталган бул талапкерлер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.
КР Президентинин милдетин аткаруучу, КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов 9 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарын чыгарып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:


— Чүй облусу:
— Аламүдүн райондук сотуна:
Байсов Кылыч Таштанбекович;
Касымалиев Бакыт Мукамбетович;
Суйеркулов Эрлан Оморалиевич;


— Сокулук райондук сотуна:
Самудинов Кубанычбек Бердибекович.


— Панфилов райондук сотуна:
Тагаев Тилек Мамедович.


— Токмок шаардык сотуна;
Астаркулов Данияр Шаршенбекович.


— Ош облусу:
— Ош облустук сотуна:
Майлубашов Нурбек Рысбаевич.
— Бишкек шаары:
Бишкек шаардык сотуна:
Калбаев Алмаз Тургуналиевич.


Свердлов райондук сотуна:
Саткынбаев Рустам Шайлобекович.


Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

265