7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүйүнчү! Жоламан Шаршенбеков Азиянын эки жолку чемпиону болду

590

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медалга татыды.

Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышты. Алгач ал индиялык Сумит аттуу балбанга бир дагы упай бербестен 10:0 эсебинде утуп алды. Жарым финалда кыргыз балбаны япониялык Майто Кавананы 4:0 эсебинде артта калтырып, финалга өттү.

Алтын үчүн кармашта Шаршенбеков кореялык Ханджэ Чунду караандатпай жеңип алды. Азия чемпионатында ошондой эле Акжол Махмудов (77 кг) алтын, Роман Ким (130 кг) коло медаль багындырды.

Эскерте кетсек, Жоламан Шаршенбеков 2022-жылы апрель айында Монголияда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль уткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

591