7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте кайгуул кызматкери пара берип жаткан жеринен кармалды

928

Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматкери 10 миң сом пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

«Рено-Логан» үлгүсүндөгү бузулган патрулдук автоунаага мыйзамсыз күйүүчү майды негизсиз эсептен чыгаруу фактысы аныкталган. Аталган материалды кароодо Бишкек шаары боюнча милициянын кайгуул кызматынын кызматкери маселени оң жагына чечүү үчүн ИИМдин Ички иликтөө кызматкерлерине 10 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын сунуш кылган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

12-апрелде Ички иликтөө кызматынын кызматык бөлүмдөрүнүн биринде 10 миң сом акча каражатын берип жаткан жеринен Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынын автотранспорт-чарба бөлүмүнүн инспектору ИИМдин тергөө кызматына жеткирилип, андан соң Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

929