Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары Өзбекстандын чек арачылары тарабынан мурда кармалган Кыргыз жаранын мекенине кайтарышты.
УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, 12-апрелде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунда кыргыз жараны Байболот уулу Мунарбек кыргыз тарапка өткөрүп берилди.
Эскерте кетсек, 10-апрелде чек арачыларга Көк-Таш айылынын тургуну кайрылып, анын 1997-жылы туулган уулу Байболот уулу Мунарбек жайылып жүргөн жылкыларды издеп кетип, кайтып барбаганын билдирген. Маалыматты тактоо максатында чек ара өкүлү өзбек кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Өзбекстандын чек ара өкүлү кыргыз жараны Байболот уулу Мунарбек мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн кармалганын тастыктаган. Анын жылкыларды издеп, кокусунан мамлекеттик чек ара сызыгын кесип өтүп, Өзбекстандын аймагына кирип кеткени маалым болгон.