7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мээрбек Анарбеков: «Чек ара боюнча Google компаниясынын юридикалык күчү жок»

822

Кемпир-Абад темасын кайра көтөрүп, элдин сезими менен ойногондор пайда болду. Бул учур, абактагылардын үй камагына чыгуу учуруна дал келди. Фейсбук жана башка соцтармактарда «google картасында Кемпир-Абад Өзбекстанга карап калыптыр” – деп айгай салып жатышат. 

Биринчиден, google картасы эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес. Аны ошол компаниядагы иштегендер ары бери жылдыра берсе болот. Башкача айтканда так эмес маалымат.

Экинчиден, Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасы такталып жатканда “суунун горизонту 908ден 900гө түшүрүлдү. Жээгиндеги жерлерди Кыргызстан ээлик кылып, пайдаланат. Суу тартылып бошой турган болсо, бошогон аймактар дагы кыргыз тарап пайдаланат”-деп түшүнүктүү кылып айткан. Учурда суунун жээгинде өзгөндүктөр ээлик кылып, дыйканчылык үчүн пайдаланып келет. Эч ким тосуп алган жок! Аны барып жеринен көрүп келсеңер дагы болот, борбордо отуруп алып соцсетке жаза бербей. 

Эч кандай юридикалык күчү жок google картасын бетине кармап, бузукулук кылып жактандарга суроо бергим келет. Силер эмнеге Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн жерлерди, чечилбей талаш болуп келип, Кыргызстанга өткөн аймактарды жазбайсыңар, айткыңар келбейт?

Кемпир-Абад маселеси кыргызга пайдалуу болуп чечилген, мамлекеттин аянты дагы кеңейген. Убагында муну пайдаланып бийликти басып алабыз дегендер дагы болгон, бактыга жараша максатына жеткен жок. Андан сабак албай, кайра эле манипуляция кылып, кайдагы бир google карта менен элдин башын айлантпагыла деп кеңеш берет элем. Чыга калып эле коомду удургутуп, чет элден грант алган “Клооп”, “ПолитКлиника”, “Кактус”, “Азаттык” “24.kg” сыяктуу сайттар кошулуп, чет өлкөдө жүргөндөр, фейктер барыңар биригип алып ызы-чуу чыгарам деп кыялданбай эле койсоңор болот.  

Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын эки өлкө чечет, google компаниясы эмес! Интернеттеги википедия деген сайтты өзгөртүп салгандай, google сайтындагы данныйларды дагы өзгөртүп койсо болот.

Болгону, ушул НПОчулар, активисттер жана жогорудагы сайттар абдан ниетиңер бузук экен. Жамандык чыкса, жамандык болуп кетсе деп эле турасыңар. Качан адам болосуңар?

Жашоодон сабак албаган, элди козутам дегендер, эки өлкөнүн мамилесин бузууну ниет кылгандарга катаал чара көрбөсө болбойт окшойт! Бир катар блогер, саясатчылар, коомдун тынчын алган активисттер камалгандан бери тынч жашап калдык эле, эми кайра элдин тынчын алып баштады. Булар акылына келбесе кайра камап, катаал эле чараларды көрбөсө болбойт! Кечээ күндөн бери фейсбукка фейктер жайнап кетти. Кыязы, абактагылар чыга калып жабалактап эле фейк аккаунттары менен жаза баштады окшойт.

Мээрбек Анарбеков.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

823