7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тимур Саралаев: «Google картасына таянуу негизсиз» 

597

Мен байкагыныма караганда Кемпир-Абад жабык темасын кайра көтөрүп, элдин мекенчилдик сезимдерин козготуу идеясы пайда болгондой көрүнөт. Facebook жана башка соцтармактарда “Google картасында Кемпир-Абад Өзбекстанга карап калыптыр” – деп кеп кылып жатышат.

Менимче, Google картасы укуктук күчү барбы, эл аралык укуктук мамилелерде таянчу субъектиси боло албы деген суроону коюшса туура болот го (Кыргызстан менен Өзбекстандын). Айрымдар Google өкүлдөрү барып, берги жээктен аркы жээкке чейин чийме чийгендей элестетип алышты окшойт. Андай деле болбосо керек, аны ошол компаниядагы иштегендер ары бери жылдыра койсо керек компьютер менен эле. Башкача айтканда бул так эмес маалымат, ошондуктан Google тактоо үчүн таянуу туура болбой калат.

Дагы бир көңүл бурчу абдан маанилүү момент.

Эсиңерде болсо, Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасы такталып жатканда “суунун деңгээли, б.а., (“горизонт” деп коёт экен адистер) 908ден 900гө түшүрүлгөн. Жээгиндеги жерлерди кыргыз тарап ээлик кылып, пайдаланат. Суу тартылып бошой турган болсо, суудан бошогон аймактар дагы кыргыз тарап пайдаланат”- деп белгиленген эки тараптуу макулдашууда. Учурда болсо, суунун жээгинде өзгөндүктөр ээлик кылып, айыл-чарба үчүн пайдаланып жатышыптыр. Тор менен тозулганы деле көрүнбөйт ал жакта. Болбосо, эбак дүрт этме элибиз дүрүлдөп айтып чыкса керек. Кемпир-Абад суу сактагыч маселеси чечилген, мамлекеттин аянты дагы эки тараптуу сүйлөшүүлөр жолу менен тынч өзгөрүлдү. Тилекке каршы, убагында саясий кырдаалды саясий упайларды алуу максатта колдонуу дагы болду окшойт.

Ооба, бул тема талкуу жаратуучу, керек болсо ар түрлүү эмоцияларды козгоочу чоң маселе. Менимче алдыда, окумуштуулар, тарыхчылар, саясат тануучулар, аналитиктер, эксперттер, коомдук ишмерлер менен саясатчылар муну далай-далай ийине-жибине чейин талдап-талкуулашат. Алар ар түрлүү аргументтер менен контраргументтерди бири-бирине көргөзүшөт, келтиришет бирок ошол методологияда Google колдонушпаса деле керек.

Себеби, анын ордуна башка колдоно турган бир топ инструменттер бар, алар — расмий ачык документтер, кол коюлган эки тараптуу келишимдер, анын негизинде так жана даана белгиленген карталар. Болду, ошол эле, денонсация кылабыз деп сотко барса да башка нерселер аргументизация боло албайт. Демек Google картасына таянуу ал орунсуз, негизсиз деп эсептейм, аны расмий документ катары эки тарап кабыл алуусу да абдан күмөндүү.

Ал эми медиаларда тараган сындуу публикациялар боюнча, менин жеке оюм.

Кемпир-Абад суу сактагыч темасын саясий жактан караганда, — перспективасы бар, саясий спекуляция боло турган, керек болсо элдик пикирди бурмаласа дүрбөлөңгө салчу чоң триггер. Ошондуктан аны ар ким ар кандай максатта, өзүлөрүнө ынгайлуу саясий чык менен колдоно берет жана ал бүгүнкү талкуу менен бүтүп калбайт. Ошол себептен, буга маал-маалы менен оппозициялык маанайдагы саясатчылар, коомдук ишмерлер, активисттер, блогерлер жана медиалар саясий кызыкчылык максатта кайтып келе беришет. Кайтып келе беришсин, болгону сын-пикир алмашууда элементардуу этиканы сактап, адаттагыдй ата-жотосуна чейин каргап шилебей анан конспиралогиялык орунсуз теориялардан алысыраак болушса дейт элем.

Тимур Саралаев.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

598