7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Санэпиддин «эпчил» кызматкерлерине бөгөт коюлду (ФОТО)

711

Санитардык-эпидемиологиялык корутундуларды мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин санитардык-эпидемиологиялык экспертиза бөлүмүнүн башчысы А.Л.О. тарабынан уюштурулган Кыргызстандын аймагына товарларды жана продукцияларды ташып келүү үчүн санитардык-эпидемиологиялык корутундуларды мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманын иши аныкталып бөгөт коюлду.

Ал аталган бөлүмдүн жооптуу кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, мыйзамсыз киреше алуу жана жеке баюу максатында зарыл жол-жоболорду сактабастан жана тиешелүү экспертизаларды жүргүзбөстөн кыска мөөнөттө бажы брокерлерине санитардык-эпидемиологиялык корутундуларды берүү боюнча коррупциялык схеманы түзгөндүгү аныкталды.

Мындан тышкары, жүргүзүлгөн тергөө иш-чаралардын натыйжасында, сертификацияланууга тийиш болгон жүздөгөн ар кандай товарларга жана продукцияларга корутунду берүү үчүн пара алган ондогон фактылар катталды.

Ошондой эле, аталган департаменттин жана Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги тарабынан санитардык-эпидемиологиялык экспертиза бөлүмүнүн жана анын жооптуу кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө начар экенин, А.Л.О. иш жүзүндө жумуш ордуна жумасына бир жолу чогултулган акча каражатынан өз үлүшүн алып кетүү үчүн гана келип турганын белгилешти.

Бул кылмыш иши боюнча Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза департаментинин 4 кызматкери кармалып Бишкек шаардык 1-тергөө камак жайына киргизилди .

Учурда ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

712