Жыпар жыттуу, даамдуу суусундукту ким эле тамшанып ичпесин. Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар таңды бир чыны кофе менен башташат. Кофе күнү көпчүлүк өлкөлөрдө ар кайсыл күндөрү белгиленип келет.
Дүйнө жүзү боюнча 1- октябрда кофе күнү белгиленет. Бирок бул дата бардык эле өлкөлөрдө белгилене бербейт. Алсак, Ирландияда кофе күнү деп эки жолу майрамдалат. 25-январда «улуттук ирландиялык кофе» күнүн белгилөө бир жумага созулса, 19-сентябрь «Улуттук кофе» күнү майрамдалат.
Ал эми, Исландия өлкөсүндө майрамдын так датасы жок. «Sun Coffee» күнү полярдык түндөн кийин күн чыккан биринчи күнү белгиленет. Норвегияда, Венгрияда, Швецияда, АКШда, Канадада 29-сентябрда, Австрияда жана Японияда 1-октябрда, Швейцарияда 16-майда белгиленип келет.
Ал эми Италияда болсо, «Эспрессо күнү» деп 17-апрель белгиленет жана ал биринчи жолу 2008-жылы аталган өлкөнүн улуттук эспрессо институту тарабынан өткөрүлгөн. Эспрессо — бул эл аралык деңгээлде таанылган италиялык ойлоп табуу.
Кофе өзүнүн даамы, жыты жана көбүгү менен өзгөчөлөнүп келет. Анын тарыхы 1938-жылы Миландагы бардын ээси Ахилл Гаджиа кофе кайнаткычтарды чыгарууга патент алгандан кийин башталган. Бул тандалган аппараттын жардамы менен алгач италиялыктар, кийинчерээк дүйнө жүзү алгачкы жолу эспрессонун даамын татып көрүшкөн. Ошондуктан, бул кофе италиялыктар үчүн өзгөчө орунду ээлеп, аны майрамдоо дагы да кызыктуу сынактар менен өткөрүлөт. Бул күнү шаардын тургундары жана коноктору үчүн түрдүү шоулор көрсөтүлөт. Кафелерде суусундуктардын баасы төмөндөтүлүп, конокторго чыныгы эспрессо кандай болушу керектиги тууралуу маалымат жазылган баракчалар таратылат.
Жыл сайын майрамга 3 миңге жакын кофе дүкөндөрү катышат. Бул жерден коноктор уникалдуу автордук суусундуктарды татып көрүп, мастер-класстарга катышып, кофе сатып алса болот.
Дагы бир айта кетчү нерсе, бул иш-чарага бары эле катыша албайт. Себеби, алгач Италиянын улуттук эспрессо институту тарабынан өткөрүлгөн тандоого катышып, алардан атайын уруксат кагаз алуусу абзел.