Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кечээ, 20-декабрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ноокен районунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Анда ал, «Быйыл коронавирустук инфекция пандемиясы атамекендик экономикага олуттуу таасирин тийгизип, республикалык бюджеттин тартыштыгы өстү. Буга карабастан, мамлекет бардык социалдык милдеттенмелерин аткарат», — деп ишендирди.
Ал өлкөдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөргө байланыштуу эмгек миграциясы маселеси бир топ курч турганын өкүнүү менен белгиледи.
«Ушул жана башка көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү үчүн тез арада реформалар зарыл. Бул оңой эмес мезгилде өлкөнүн учурдагы жетекчилигине көбүрөөк жоопкерчилик жүктөлүүдө. Бүгүнкү күндө биз үчүн негизги артыкчылыктуу багыттардын бири — Президенттик шайлоону ачык жана акыйкат өткөрүү», — деп билдирди Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу.
Ал президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум өткөрүлөрүн кошумчалады.
«Өлкө тарыхында биринчи жолу башкаруунун ылайыктуу формасын эл өзү тандайт. Биз шайлоо процессинин таза жана ачык болушун камсыз кылуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз, анткени андан Кыргызстандын келечеги көз каранды», — деп айтты Талант Мамытов.
Ал ошондой эле атамекендик экономиканын өсүшүнүн жана өнүгүүсүнүн келечегине токтолду.
«Кыргызстандын жер казынасында зор мүмкүнчүлүктөрү бар, минералдык ресурстар өтө көп. Бардык пайдалуу кендер элдин кызыкчылыгы үчүн иштеши керек. Бирок бул үчүн экономикада жаңы ыкмалар талап кылынат. Райондордун жана региондордун мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле ЕАЭБдин потенциалын натыйжалуу пайдалануу зарыл. Биз азыр „өткөөл мезгилден“ татыктуу чыгып, келечекке карай умтулушубуз керек», — деп белгиледи Президенттин милдетин аткаруучу.