7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
22°C

Талант Мамытов: Токтогул ГЭСин модернизациялоо ачык-айкын жүрүшү керек

221

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов кечээ, 19-декабрда Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Токтогул ГЭСин модернизациялоонун жүрүшү менен таанышты.

Президенттин милдетин аткаруучу маалымдагандай, 2016-жылы Токтогул ГЭСинде жабдуулардын эскилигинен улам эки жолу авария болгон, андан соң кемчиликтерди жоюу максатында модернизациялоо иштери башталган.

Белгилей кетсек, модернизациялоо иштери аяктагандан кийин Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 20% га жогорулап, натыйжада анын «экинчи деми» ачылат деп күтүлүүдө. Кыргызстандын энергетикалык кубаттуулугу 240 МВтга көбөйөт, муну дагы бир жаңы станциянын кошулганы менен салыштырууга болот. Мисалы, Шамалды-Сай ГЭСинин кубаттуулугу 240 МВтты түзөт. Мындайча айтканда биздин мамлекетте электр энергиясынын таңкыстыгы азаят. Эски жабдуулар да алмаштырылууда, бул экономикалык жактан да ылайыктуу, анткени жаңы станция кургандан көрө эски жабдууларды калыбына келтирүү бир топ арзан турат. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов дамбаны жана машиналык залды карап чыгып, коноктордун китебине жазуу калтырды. Ал өлкөдө электр энергиясын колдонуу жыл сайын өсүп жаткандыгын, демек, Токтогул ГЭСинин жабдыктарына болгон жүк да көбөйүп жаткандыгын белгиледи. Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу Токтогул ГЭСин техникалык жактан реконструкциялоо жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, станциянын энергетикалык коопсуздугун чыңдайт, бул өз кезегинде өлкөнүн бүткүл энергетикалык тутумунун иштешинин туруктуулугун жогорулатат жана керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылат деген ишенимин билдирди.

Ошону менен бирге Талант Мамытов реконструкциялоону жүргүзүүдө ачык-айкындуулукту сактоо зарыл экенин баса белгиледи. Ал Токтогул ГЭСинин каскады өлкөдөгү орточо электр энергиясынын 40% ын өндүрүп турган эң маанилүү стратегиялык объект экендигин, ошондуктан аны модернизациялоонун натыйжасынан бүтүндөй Кыргызстандын өнүгүшү жана келечеги көз каранды экендигин өзгөчө белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

222