7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жоламан Шаршенбеков менен Руслан Царевге ишкерлер унаа белек кылышты

410

Жоламан Шаршенбеков менен Руслан Царевге ишкерлер унаа белек кылышты. Бул тууралуу социалдык тармактарда сүрөтү тарады.


Анда жеке ишкерлер Анвар Маметов жана Азиз Исамагаметов Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн Дүйнө Кубогунда грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль алган Жоламан Шаршенбековго «Мерседес» үлгүсүндөгү, ал эми коло медаль алган Руслан Царевге «Тойота» үлгүсүндөгү унаа белек кылышкан.


Дүйнө Кубогунда Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмак категорияда катышып, финалга чейин жеткен. Ал эми негизги таймашта орусиялык Степан Марянянды 4:4 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынган. Ал эми 72 килограмм салмакта катышкан кыргызстандык балбан Руслан Царев биринчи айлампада венгриялык Балинт Корпашиге 2:1 эсебинде утулуп калган. Бирок венгриялык балбан финалга өткөнүнө байланыштуу Руслан Царев коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алып, болгариялык Айк Мнацаканянды 3:1 эсебинде утуп чыккан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

411