7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр: «Бильярд оюну дүйнөлүк рейтинг боюнча алдыңкы үчүнчү орунду ээлейт»

668

18-апрелден баштап Бишкек шаарында бильярд спорту боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды.

Максаты, Кыргызстанда бильярд спортун жайылтуу, жаштардын бильярдка болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат.

Министр Алтынбек Максутов бильярд оюнунун кыскача тарыхына токтолуп, өтүп жаткан чемпионаттын катышуучуларын куттуктап, аларга ийгилик каалады.

“Бильярд спорту боюнча Кыргызстан дүйнөдөн кем калышпай, оюнчуларыбыз өлкөбүздүн намысын коргоп, желегибизди желбиретип дүйнө чемпиондору болгонго жетишти. Бүгүнкү чемпионатка катышып жаткан жаш оюнчулар сиздер дагы дүйнө чемпиону болушуңуздарга тилектешмин. Бильярддын тарыхы өзгөчө оюн, бул оюнду көбүнчө падышалар, ак сөөк адамдар ойноптур. Азыр бильярд оюну дүйнөлүк рейтинг боюнча спорттук оюндардын ичинен алдыңкы үчүнчү орунду ээлейт. Бул спорт Кыргызстанда мындан ары дагы өнүгүүгө тийиш”- деди министр.

Турнир 18-20-апрелде «Талисман» бильярд клубунда өтөт. Чемпионатка өлкөнүн аймактарынан чогулган 80 катышуучу катышат. Алардын арасында дүйнө чемпиондору, дүйнө чемпионаттарынын байге ээлери жана жаш спортчулар бар. Үч күндүн ичинде спортчулар республиканын чемпиону наамы үчүн беттешишет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

669