7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркия элегантуу той өткөрө турган «эң мыкты жер» деп табылды

391

Түркия RSVP конференциясынын, RSVP Гала сыйлыгын тапшыруу аземинде люкс үлпөт тойлорду өткөрө турган дүйнөнүн «Эң мыкты жери» деп табылды.

RSVP — бул люкс үйлөнүү үлпөттөрү, ар-түрдүү кечелер, симпозиумдар, конференциялар, сыйлык тапшыруу аземдерин жана тармактык иш-чараларды уюштуруп келген белгилүү платформа болуп саналат. 2018-жылдан бери жылына эки жолу өткөрүлүп келе жаткан RSVP конференциясы люкс той жана кече индустриясында алдыңкы иш-чаралардын бири болуп эсептелет. Бул жылы RSVP конференциясы Испаниянын борбору Мадридде өттү. Конференцияга люкс үйлөнүү үлпөтү, кече жана иш-чара индустриясынын лидерлери жана белгилүү спикерлер катышты.

Дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн 250гө жакын катышуучу келген конференцияда туруктуу уюмдар, брендинг, үйлөнүү дестинациялары жана уюштуруу секторундагы тренддер боюнча симпозиумдар өткөрүлдү.

Түркия конференциядан сыйлык менен кайтты.

Конференцияда быйыл алгачкы жолу сыйлык ыйгаруу аземи болду. Түркия RSVP Global Awards сыйлыгынын жыйырма котегориясынын ичинен “Дестинация” багыты “Фаворит дестинация” сыйлыгына татыктуу деп табылды. Аталган конференция кийинки жылы, тактап айтканда 2024-жыл, 2-5-апрель күндөрү Стамбулда өтөтурган болду. Стамбул дүйнөнүн алдыңкы премиум иш-чаралары үчүн тандалып алынган дестинация критерийлерине жооп берген динамикалуу, заманбап шаар деп танылды.

Той туризминин сүйүктүү жери – Түркия.

Түркия чыгыштын байыркы каада-салты менен батыштын заманбап өзгөчөлүктөрүн бириктирген маданий мурасы, түрдүү жана уникалдуу ашканасы, чексиз соода мүмкүнчүлүктөрүнөн менен саякатчылардын негизги тандоосу болуп келе жатат. Бул байыркы өлкөдө үлпөт тойлорун өткөрүү үчүн дүйнөнүн төрт бурчунан жыл сайын жаш жубайлар келишет. Стамбул, Бодрум, Анталия, Кападокия, Гөкек, Чешме жана Фетхие сыяктуу дүйнөгө таанымал жайлар люкс той жана кечелерди өткөрөтурган дестинациялардын сап башында турат. Бул дестинацияларда үлпөт тойлорду уюштуруунун ар бир деталдарын пландаган, жаш жубайлар менен катар конокторду да тоскон, түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бере алган проффессионалдар кызмат көрсөтүшөт.
Байыркы салт менен модерн шарт айкалышкан шаар – Стамбул.

Түркиянын динамикалуу мегаполиси болгон Стамбул, үйлөнүү үлпөт тойлору үчүн тандалган эң популярдуу жер. Батыш менен Чыгышка көпүрөө болгон, ошондой эле дүйнөнүн булуң-бурчунан учуп-конууга ыңгайлуу шаар Стамбул башка материктерде жашаган коноктор үчүн оңой жете алатурган дестинация болуп саналат. Стамбулда көз жоосун алган люкс отелдер, 200дөн 2000ге чейин конок тосо алатурган мейманканлар бар. Архитектуралык деталдары жана заманбап инфраструктурасы менен өзгөчөлөнүп турган бул мейманканаларда бал залдары, спа-борборлору, жаш жубайлардын бир өмүр эсинде калатурган жашыл бакчалар да орун алган.

Стамбул үйлөнүү үлпөт тойлор өткөрө турган өзгөчө мейманканалар менен гана чектелбейт. Осмон империясынын борбору болгон байыркы калаа кайра реконструкцияланып баштапкы калыбына келтирилген. Андагы эски виллалар менен сарайлар кооздолуп, заманбап инфраструктура менен жабдылган. Бул имараттардын көпчүлүгү деңиз жээктеринде жайгашкандыктан элеганттуу жана люкс үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүгө эң сонун локация десек болот.

Элегантуу той өткөрө турган эң мыкты жер – Бодрум.
ТүркЭгей деңизинин эң популярдуу люкс эс алуу жайларынын бири – бул Бодрум. Бодрум да Стамбул сыяктуу эле үйлөнүү тойлорун өткөрүү үчүн өзгчө атмосфера тартуулаган шаар. Бул калаага да дүйнө боюнча каттамдар ачык. Бодрумга да көптөгөн өлкөлөрдүн борборлорунан түз каттамдар аркылуу оңой жете аласыз. Бодрум жана Түрк-Эгей аймагында транспорт менен жүргөн коноктор болсо сапатуу кызмат көрсөткөн VIP компаниялардан пайдалана алышат.

Бодрум модерн тойлорду өткөрүү жагынан дүйнөгө белгилүү эвент шаарлардан кем калышпайт. Калаада конок тосотурган ачык жана жабык романтикалуу конок үйлөр, ресторандар, салон жана музыка салондор бар. Отелдердин ачык салондору же кенен бакчаларында, көл жээктеринде 150дөн 1000ге чейин конок күтсө болот. Тойлорду башынан аягына чейин пландоо жана өткөрүү үчүн бул дестинацияда атайын

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

392