УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана уулу Таймурас Ташиев менен тааныштыгым бар деп, жаранды кызматка орноштуруу үчүн акча алган адам кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан К.у.О. аттуу КРнын жараны кармалган.
Ал УКМКнын төрагасы жана анын уулу менен жакын тааныштыгы бар экенин айтып, И.А.М. аттуу жарандын ишенимине кирип, аны Кара-Суу районунундагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызматына орноштурамын деп 1500 АКШ долларын алган.
Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында ал өз аракетинин кылмыштуулугун түшүнүп, мындан ары мындай аракеттерге барбоого милдеттенди.