Тогуз-Торо районундагы «Макмал Голд Компании» ишканасы тарабынан кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү.
Ыйык Рамазан айынын урматына Тогуз-Торо районунда жалгыз ири өндүрүш иш кана “Макмал Голд Компани” ЖЧКсы аз камсыз үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, жалпы Тогуз-Торо району боюнча 80 үй-бүлөөнүн ар бирине жалпы наркы 201200 сомдук азык-түлүк таратылды.
Мындан сырткары райондун жарандары оор ооруга чалдыгып, чет өлкөлөрдөн операция жасатууга жана дем алдыруучу аппарат алууга жардам сурап ишканага кайрылуу жолдошкон. Ыйык Рамазан айында ооруга чалдыккан мекендештерибиздин сакайып кетүүсүнө себепкер болуу максатында 4 жаранга 50 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү.
Кайрымдуулук иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын Коомдук кеңешчиси, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы аким Карагылов Мирлан , акимдин биринчи орун басары Дамир Тагайбек уулу, «Макмал Голд Компани» ЖЧК сынын директору Асеинов Руслан, «Макмал Голд Компани»ЖЧК сынын директорунун биринчи орун басары Замир уулу Чубак, өндүрүш боюнча директордун орун басары Насирдинов Руслан жана айыл өкмөт башчылары, социалдык кызматкерлер катышышты.