Атыр Абрахматова кызматынан алынабы? Жогорку Кеңеш Акыйкатчынын отчетун кабыл алган жок.
✔️ Жогорку Кеңештин жыйынында Акыйкатчынын жылдык отчетун кароодо депутаттардын пикирлери экиге бөлүндү. Айрымдар отчетун карашыбыз керек десе, «Ата Журт» фракциясы аны ыйгарым укуктарынан ажыратууну сунуштады.
✔️ Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев “Ата Журт” фракциясынан Акыйкатчынын отчетун кабыл албоо жана Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарынан ажыратуу боюнча чечим кабыл алынганын билдирди.
✔️ Омбудсмендин отчету тиешелүү комитетке кайтарылып, ал Атыр Абдрахматова кызматына туура келеби же жокпу, жети күндүн ичинде карап, жооп бериши керек.