Бүгүн, 19-апрелдеги парламенттик жыйында депутаттар акыйкатчы Атыр Абдрахматованын отставкасы тууралуу маселени көтөрүп чыгышты.
Акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу сунушун «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы киргизген, бирок ага эмне себеп болгондугу айтылган жок. Аталган демилге тиешелүү комитеттин кароосуна жөнөтүлдү.
Бүгүн эл өкүлдөрү акыйкатчынын 2022-жылга карата Кыргызстанда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндөгү баяндамасын укту.
Кошумчалай кетсек, акыйкатчынын баяндамасы буга чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында каралып, эске алуу чечими кабыл алынган. Бирок Жогорку Кеңештин жыйынында аталган чечим четке кагылды.