Кыргызстандык аткаруучу Айганыш Абдиева түрк улуттарынын өкүлдөрү ат салышкан эл аралык Turkvision-2020 музыкалык сынагына катышты.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу сынак бул жылы онлайн-форматта өткөн. Ал эми катышуучулар уюштуруучуларга аткарган ырларынын видеосун жиберген. Сынакка 26 талант катышканы айтылды.
Turkvision-2020 сынагынын финалы 20-декабрда өтүп, кыргызстандык ырчы 16-орунду алган.
Ыр сынак 2013-жылда уюштурулуп, бул жылы 4 ирет өтүп жатат. Буга чейин сынакта Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстан өлкөлөрүнөн чыккан таланттар жеңишке жетишкен.