7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

40 миң доллар пара менен фарм-компаниянын директору кармалды

967

Өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен фармацевтикалык ишкананын директору жана ортомчу болгон жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Чет өлкөлүк жаран башчылык кылган “А.К.” фармацевтикалык ишканасынын мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды.

Салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аталган фармацевтикалык ишкана тарабынан 17 млн сомдон ашык суммадагы салыкты жашыруу фактылары аныкталып, салык төлөөчүнүн даттануусунун алкагында жогору турган салык органы тарабынан канааттандырылган. Өз кезегинде, компаниянын өкүлдөрү мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрүнүн көлөмүн азайтуу жана кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө жагымдуу шарттарды түзүү максатында, маселенин оң жагына чечилиши үчүн акчалай сыйлык берүүнү сунуш кыла башташкан.

Бул факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында фармацевтикалык ишканасынын директору жана ортомчу УКМКнын кызматкерине 40 миң АКШ долларын пара катары берип жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

968