Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев 1-июнга чейин камакка алынды. Свердлов райондук сотунан билдиришкендей, Самаев УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Буга чейин маалым болгондой, Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталган.
Самаев 17-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.