7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жабыркаган окуучулардын саны өстү, бирөөнүн абалы оор

838

Бишкек – “Манас” аэропорту унаа жолундагы кырсыктан 18 окуучу жабыркаган. Учурда ооруканага жаткырылгандардын саны 21 адамды түздү. 

«Шаардык балдар клиникалык ооруканасында ар кандай жаракат алган 20 бала жатат, алардын төртөө жандандыруу бөлүмүндө. Үч баланын абалы туруктуу оор деп бааланса, бир баланын абалы өтө оор. Ооруканага жаткырылган балдардын абалы туруктуу. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, бардык керектүү медициналык жардамдарды алууда. Ал эми, кырсыктан жабыркаган бир адам «Тез жардам» ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Абалы оор деп бааланууда (баш мээнин жаракаты, жамбаш сөөктөрүнүн сынышы)»- деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

Эскерте кетсек, Сокулук районунун тез жардам кызматына кырсык тууралуу билдирүү саат 11:15тер чамасында түшкөн. Жабыркаган балдар №1 шаардык клиникалык ооруканага жеткирилип, андан соң шаардык балдардын тез жардам ооруканасына жеткирилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

839