7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта мугалим окуучуларды указка менен урган. Министрлик үн катты

571

Билим берүү жана илим министрлиги социалдык тармактарда мугалимдин окуучуларды көрсөткүч таякча (указка) менен кол көтөргөнү боюнча тараган видео тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирет.

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн берген маалыматына ылайык, аталган окуя 12-апрелде Сузак районуна караштуу Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү №11 Мариям Орозалиева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде катталган. Аталган орто мектептин 67 жаштагы физика мугалим Абдулашым Жолболдуев (эмгек стажы 46 жыл) 8-класстын окуучуларына сабак өтүп жаткан. Мугалим менен окуучулардын ортосундагы түшүнбөстүк окуучулар физика сабагынан лабораториялык тапшырманы аткарбагандыгы үчүн келип чыккан.

Бул окуя боюнча мектеп администрациясы чукул жыйналыш өткөрүп, физика мугалимине Билим берүү мыйзамына жана мугалимдин этикасына туура келбеген иш-аракети үчүн мектеп жетекчиси тарабынан “Сөгүш” тартиптик жазасы берилди. Ал эми аталган орто мектептин директору К.Р. Азимбаевге “Эскертүү” тартиптик жазасы берилет.

Бул окуяга байланыштуу 8-класстын окуучуларынын ата-энелери тараптан эч кандай арыз түшкөн эмес.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

572