Президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун үгүт иштерине карата коомчулукта талкуу жаралууда. Алардын бири Facebook колдонуучу Элмира Карыпова БШКдан Адахан Мадумаровго чара көрүүнү талап кылды.

«Мен БШКдан үгүт иштери боюнча мыйзамдын талаптарына түкүргөн бул талапкерлердин мындан аркы катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну талап кылам!
Айрыкча, албетте, Адахан Мадумаров дайымкыдай эле бардык куралдарды, ал тургай балдарды колдонуп обочолонуп турат. Бабур Толбаев менен Имамидин Ташов дагы жакшылар. Алардын бардыгы мамлекеттик символдорду колдонушат», — дейт ал.
https://www.facebook.com/groups/241171609642922/permalink/1052612125165529/