Сүлүктү шаарындагы ЖЧК «Ашимбай» шахтасы урап, андан чыга албай калган жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу аталган шахтанын директору Т. Кучаров билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 22-декабрда саат 10:40 чамасында Сүлүктүдөгү “Ашимбай” шахтасы болжол менен 130-150 метр тереңдикте ураган.
«Жалпы 5 шахтер болгон, төртөө качып чыгышкан, алардын абалы жакшы. Бир шахтер качууга үлгүрбөй урандыда калып калган. Шахтада калып клаган кызматкер Лейлек районунун Сумбула а/өкмөтүнө караштуу Андарак айылынын 1983 жылы туулган тургуну Мухиддинов Зафардын сөөгү шаардык №1 ӨМТККВ командири, капитан А.Мавляновдун башкармалыгында алынып чыгып, 103 тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди», — дейт ал.