Алмазбек Атамбаев сотко жеткирилди. Анын ден-соолугуна байланыштуу сот процесси дээрлик бир айга жылып келген.
Учурда сот Кой-Таш окуясы, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана Кой-Таштагы жер үлүштөргө байланыштуу коррупция боюнча биргелешкен кылмыш ишин карап жатат.
Коргоочу Атамбаев камактан бошотулат деп күтүүдө.