Кечээ, 22-декабрда Сүлүктү шаарында урап түшкөн шахтада калып кеткен адам качууга үлгүрбөй калган. Бул тууралуу ӨКМдин кызматкерлери кабарлашты.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ саат 10:40 чамасында болгон. Болжол менен 130-150 метр тереңдикте шахта урап түшкөн. Жалпы 5 шахтер болгон. Төртөө качып чыгышкан, абалдары жакшы. 1 шахтер качууга үлгүрбөй калып кеткен. Ал Лейлек районунун Андарак айылынын 1983-жылы туулган тургуну З.М. экендиги такталды.
23-декабрь саат 09:00гө карата аны издөө иштерине ӨКМден 16 куткаруучу, 20 адам шахтер, 6 милиционер тартылды. Жеринде шахтынын директору Т.Кучаров да келди.
Болжол менен 20-25 куб көмүр урап түшкөн. Саат 08:00гө болжолу менен 15 кубга жакыны тазаланды. Бирок шахта улам кайра урап түшүүдө. Шахтада 20 сааттан бери издөө, казуу иштери жүрүп жатат.