7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талант Мамытов Дүйнө кубогунун жеңүүчүлөрү менен жолугушту

393

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов бүгүн, 23-декабрда, Белград шаарында (Сербия Республикасында) өткөн Дүйнө кубогунда байгелүү орундарды ээлеген күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү жана машыктыруучулары менен жолугушту.


Маалыматка ылайык, иш-чарага байгелүү орун алган спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Жоломан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова, Руслан Царев, Калы Сулайманов, Айпери Медет кызы, Исламбек Орозбеков, ошондой эле машыктыруучулар штабы катышты. Спортчу Айаал Лазерев шаарда болбогондугуна байланыштуу иш-чарага келе алган жок.


«Пандемияга жана башка кыйынчылыктарга карабастан, сиздер тынымсыз машыгып, талбай эмгек кылып, бардык тоскоолдуктарды жеңип, мыкты ийгиликтерге жетиштиңиздер. Бүткүл Кыргызстан сиздерди колдоп турду. Сиздердин жеңишиңер жалпы элибизге дем-күч берди, силер — биздин сыймыгыбызсыңар. Бул ийгиликтер жаңы жетишкендиктердин башталашы гана экенине, өлкөбүздүн желеги мындан аркы көптөгөн мелдештерде да бийик желбирерине бекем ишенем», — деп баса белгиледи Талант Мамытов. Ал атамекендик спортчулар Японияда өтө турган Олимпиада оюндарында дагы өздөрүн татыктуу көрсөтөрүнө үмүт артты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

394