7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокен районунда курулуш материалдарын чыгарган ишкана ачылды

618

Ноокен районунун Масы айыл аймагында курулуш материалдарын чыгарган кичи өндүрүштүк ишкана ачылды.

Райондук администрациядан билдиришкендей, бул ишканада жалпысынан 15 жергиликтүү тургун иш менен камсыз болуп, элдин суроо талабына ылайык сетканын ондон ашык түрү, пескоблок, брусчатка чыгарыла баштады.

Ишкананын ачылыш аземине Ноокен районунун акими Таалайбек Ишенбеков, Масы айыл аймагынын башчысы А.Нарматов, Ноокен райондук өнүктүрүү фондунун директору Ж.Эшенкулов, айыл аксакалдары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ишкананын курулушу райондук өнүктүрүү фондунан каржыланган, ал муниципалдык жана жеке өнөктөштүктө ишмердүүлүк жүргүзөт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

619