7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогулда бала бакчанын ашканасынын ичи көгөрүп кеткен. Ремонтко бөлүнгөн акча кайда?

748

Токтогул шаарынын «Наристе» балдар бакчасына ашкана куруу 2019- жылдын 21-ноябрында башталып, Токтогул районунун атайын эсептен 1 миллион 870 миң сом бөлүнүп, курулуш иши 2020- жылдын 1- сентябрында бүтмөк. Бирок кандайдыр бир себептерден улам ашкананын курулуш иштери азыркы учурга чейин бүтпөй ичи көгөрүп жатат. Бул тууралуу Мирбек Борбугулов билдирди.

“Бул боюнча Токтогул шаардык кеңешинин депутаттары, бала бакчанын абалын көрүп Токтогул шаарынын мэри Сапар Токоевичке бир нече жолу айтып, курулуш иштер сапатсыз болуп ашкананын ичи көгөргөндүгү үчүн, 2023- жылдын февраль айында атайын эсептин үстүнөн Токтогул райондук прокуратурасына арыз жазууга протоколдук тапшырмасы да берилген. Бүгүн, Токтогул шаардык кеңешинин курулуш, жер реформасы туруктуу комиссиясынын депутаттары, «Наристе» балдар бакчасынын ашканасынын абалын дагы бир ирет көрүп келдик. Токтогул шаарынын мэри Токтогул шаарынын депутаттардын атайын эсептин үстүнөн райондук прокуратурасына арыз жазуу протоколдук тапшырмасы аткарылбай жатканы боюнча да маалымат алдык” — деп берилет кайрылууда.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

749