7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Биринчи айым Баткендеги «Кут кадам» балдар үйүнө барды (ФОТО)

883

27-апрелде Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылындагы «Кут кадам» үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Айгүл Жапарова бул мекеменин жашоо шарты, тамак-ашы, балдарга болгон камкордугу, ошондой эле имараттын жалпы абалы менен таанышты.

Үй шартында балдар үйүнүн кызматкерлери жана балдар менен жылуу баарлашып, биринчи айым тарбиялануучуларга мээримин төгүп, кам көргөн тарбиячылардын асыл максат менен иштегендерин белгиледи.

Ал турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошону менен бирге Айгүл Жапарова өзү жетектеген «Эне-балага тирек» Фондунун атынан мекемеге эки кабаттуу керебеттерди жана башка керектүү буюмдарды тапшырды.

«Кут кадам» үй-бүлө тибиндеги балдар интернаты 2018-жылы 8 жылдык келишим менен ижарага алынып, жеке менчик үйдүн имаратында ачылган. Ачылаар алдында объект капиталдык оңдоодон өтүп, ага бардык керектүү коммуникациялар кошулган.

Интернат 12 балага ылайыкталган. Азыр анда 3 жаштан 18 жашка чейинки 18 тарбиялануучу жашайт. Балдар үйүнө жетим балдар, жарым жетимдер, ата-энелери тарбиялоо укугунан ажыратылган балдар.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

884