Бүгүн, 28-апрелде Нарын жана Жалал-Абад ОИИБнын кызматкерлерине жаңы автоунаалардын ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө жетекчилик курамына бардык мезгилдерге ылайыктуу жаңы формалардын үлгүлөрү көрсөтүлдү. Форманы иштеп чыгууда ар кандай климаттык шарттарда кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлеринин каалоолорун, ошондой эле чет өлкөлүк тажрыйбаларды эске алуу менен кызматкерлер үчүн эң ыңгайлуу кийимдерди чыгаруу боюнча негизги басым жасалды. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин статусун жана кийимдеринин сапатын жогорулатуу максатында кызмат өтөө өзгөчөлүктөрүн жана шарттарын эске алуу менен жаңы формалардын линиясы иштелип чыкты.
«Ички иштер министрлиги жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат. Андыктан, ар бир жетекчи КРнын мыйзамдарынын так сакталышын камсыздап, жер-жерлерде сапаттуу иштерди уюштурууга, эң негизгиси элдин милицияга болгон ишенимин арттырууга милдеттүү экенин белгилегим келет» — деп жыйынтыктады Адылбек Бийбосунов.