Ушул жылдын 10-майынан баштап 200, 500 жана 1000 сомдук номинал киргизилет. Кийинчерээк башка номиналдагы банкноталар (2000 сомдон башка) дагы жүгүртүүгө чыгат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы сериядагы акчанын өлчөмү, түсү, алдыңкы жана арткы беттеги сүрөттөрү өзгөрбөйт. Алдыңкы бетиндеги искусство жана маданият чеберлеринин портреттери, арткы бетинде республиканын ажайып кооз жерлери сакталды.
Негизги айырма — банкноталарда ак сызыктын жоктугу, ал бат эле кирдеп, колдонуу мөөнөтүн кыскартчу. Эми бул бөлүк түстүү болот.
Белгилей кетсек, мурунку сериядагы банкноталар мыйзамдуу төлөм каражаты бойдон калат.