7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чырга айланган ыр… Бир ырдын баасы 20,000 долларбы?!

351

Анжелика бүгүнтөн баштап «Жашоо керемет» ырын аткарбайт. Бул тууралуу ал instagram баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында ырдын автору Марат Алыбаевдин кызы ырчы айымдан аталган чыгарма үчүн 20 миң доллар талап кылган.


«Бир ырдан баш тартып, тапкан акчамды Аллах ыраазычылыгы үчүн муктаждарга бергеним оң. Мен анда беш жашта элем. Чубак Сатаев, Марат Алыбаев агаларыбызды үйдөгү отуруштарда, тойлордо көрүп жүрчүбүз. Ата-энелерибиз ырларын сүйүп ырдаганда биз дагы жаттап калчубуз. Анда бүгүнкүдөй закондор жок эле. Каалагандар автордун атын айтып ырдашчу, алар өз каалоолору менен белек кылып жазып берип, батасын берчү. Албетте, мен КР мыйзамдарына баш ийем. Бирок, бардык нерсе чеги менен болуш керек. 1995-жылдан бери аткарып келе жаткан ырды аткаруума тыюуу салышты. Атасынын ырларын патенттен өткөрүп алган Марат Алыбаев агабыздын кызы аткарууга уруксат берүүгө 20,000$, андан соң 3000$ талап кылды. Бардык авторлор алчу акчадан баш тартты. Кеп акчада эмес, кеп адамдын ач көздүгүндөбү деп жаман болуп жатам. Жүрөгүм сыгылып, денем чымырап, моюнум буулуп, шагым сынып жатат. Ушундай алыска качып кетким келип жатат. Менин аудиом жазылып жатат, интернетке таратам деп, талдуу жериме тийди»-деп ырчы айым билдирүү калтырган.


Ал эми бул окуя боюнча шоу-бизнес өкүлдөрүнүн пикирин сураганыбызда төмөнкүдөй жооп алдык.

Акбар Кубанычбеков акын:
-Көрсө биз арзан ыр жазып жүргөн турбайбызбы (күлүп). Негизи мен бул маалыматты укканда аябай таң калдым. Көзү өткөн атасынын ыры ырдалып жатканына кубангандан көрө акча талап кылгандыгы туура эмес болду. Бир ырга мынчалык акы төлөө жада калса Орусияда да жок, коңшу өлкөнү атабай эле койойун. Жеке мен 100дөн ашуун ырды акысыз эле жазып бергенмин.

Курал Чокоев ырчы:
-Негизи бул пикир талаш боюнча менин кабарым жок экен. Бирок, менимче автордун кызынын бул аракети туура эмес болду. Мен өзүм да эски ырларды аткарам. Бирок мынчалык чоң сумманы эч бир автор сураган эмес.

Бактияр Токторов ырчы:
-Жеке менин ырларымды көпчүлүк ырчылар уруксатсыз деле ырдап жүрүшөт. Жада калса Орусияда айрым аткаруучулар менин ырым деп дагы ырдап жүрүшкөнүн угуп калам. Ушул күнгө чейин мен эч кимден акча сурап көргөн эмесмин.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

352