7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Калктын арыз-арманын, каалоо-тилегин камтыган каттар

320

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Садыр Жапаров үгүт
кербени менен республиканын бир катар аймактарын, тагыраак айтсак Талас,
Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарын кыдырып, шайлоочулары менен
жеринен жолугуп, кыргызстандыктардын канча жылдан бери топтолгон
маселелерин, арыз-муңдарын угуп, шайлоо алдындагы платформасы менен
тааныштырып келди. Ызгаардуу кыштын аба-ырайынын катаалдыгына
карабай, жолугушуу болгон жерге он миндеген кыргызстандыктар келип
көкүрөк өйүгөн көйгөлөрүн көтөрүп чыгып, эл менен талапкердин ортосунда
жандуу баарлашуу болду. Мейли оозекиби, мейли кагаз бетиндегиби ар бир
берилген суроого убактысынын жетишинче кеңири токтолуп, ынанымдуу
жооп берген Садыр Жапаровдун борбордук штабындагы ыктыярчылар тобу
учурда 8000ден ашык катка анализ жүргүзүшүүдө. Каттардын басымдуу
бөлүгү айыл-чарба иштерине таандык, жергиликтүү бийлик органдарынын
деңгээлинде чечиле турган маселелер болсо, айрымдары сот, укук коргоо
органдарынын мыйзамсыз иш аракеттерине жана чек ара, жол, мектеп, бала
бакча, оорукана сыяктуу социалдык-экономикалык көйгөйлөр камтылган.
Ошондой эле, жеке кызыкчылыгы, жардам суроо үчүн жолдонгон каттар да
жок эмес.


Мунун себеби эмнеде? Кыргыз саясатында дээрлик 30 жыл бою Садыр
Жапаровдой калктын калың катмарына сиңип, элди жапа тырмак ээрчитип
кете алган саясий лидер болгон эмес. Шайлоо өнөктүгү маалында гана, же
болбосо аш-тойлорго бара калганда эл менен жолугушуп, анда да атайын
даярдалган дүжүр адамдардын кошоматка толгон сөзүнө, мактоосуна
маашырланып, бийликтин пардасы карегин жаап, чечекейин тосуп калган
аткаминерлер карапайым калктын жонунан баскан жакырчылыкты, укук
коргоо оргадарынын өзүм билемдигин, сот өкүлдөрүнүн адилетсиздигин
көрсө да көрмөксөнгө салып, адилеттик издеген адамдардын акыркы үмүтүнө
эчак эле суу бүркүп коюшкан.


Үмүтү өчкөн эл менен бийликтин ортосундагы ажырым ушунтип пайда
болгон. Башмыйзамдагы бийликтин ээси эл деген берене де-факто айтылганы
менен, де-юре теңирден тескери болуп, бийликтин жогорку тепкичинен
тартып жергиликтүү башкаруу органдарындагы майда аткаминерлерге чейин
ашыкча бюрократиялашып, эл менен эсептешүүнү эчак эсинен чыгарып
койгон. Элдин күнүмдүк турмуштагы маселелери ушундай аткаминерлердин
кайдыгерлигинен улам чечилбей, тескерисинче күн санап топтолуп, анын
жыйынтыгы бийликке болгон ишенимдин жоголушуна алып келип, айласы
кеткен калк бийликтен үмүтүн үзүп, өз арбайын өзү согуп, ары карап ыйлап,
бери карап күлүп жашоого өткөн.
Айлап-жылдап чогулган көйгөйлүү маселелер жана элдин
кызыкчылыгы баарынан бийик тураары анык. Элдин байлыгын
казынага кайтарылып, акыйкаттык, чындык эртедир-кечтир орношу керек. Ооба, 30 жылдан берки чириген система бардык көйгөйлөрдүн
тамырынын жайылып кетишине өбөлгө түзгөн. Аларды 30 күндө түп
тамырынан кыркып салуу мүмкүн эместиги баарыбызга белгилүү.
Бирок, мындай терс көрүнүшкө баарыбыз жапа тырмак каршы
туруубуз зарыл. Ошондо гана биз тамырлап кеткен коррупциянын, терс
көрүнүштөрдүн алдын алып, аларга каршы күрөш жүргүзө алабыз.

Ушундан улам, талапкер Садыр Жапаров да, жарандардан келген ар бир кат
жоопсуз калбайт деп айтып, аларды убактысынын жетишинче карап чыгууда.
Ошондой эле, шайлоонун жыйынтыгына карабастан ар бир жарандын
кайрылуусуна колунан келишинче жардам берерин баса белгиледи.
Ушул апта менен Садыр Жапаровдун үгүт кербени Ысык-Көл жана Чүй
областарын көздөй сапар улап, ал жактагы миңдеген тарапташтары менен
дагы жолугат. Аталган аймактагы мекендештер да Садыр Жапаровго
суроолорун камдап, күтүп жатканын партиянын жер-жерлердеги штабдары
кабарлоодо.


Мына окурман, миллиондогон адамдар Садыр Жапаровго азыртан эле ажо
катары ишеним артып, жаркын жашоого кайтарып келет деп, үмүт кылып
отурат. Баардыгы жараткандын каалоосу, элдин тандоосу менен чечилет.
Эзелетен эл оозунда “Эч болбосо кеч болсун” – деген кеп айтылып келген.
Анын сыңарындай, каржалып турган калың журт кайрадан жанданып,
өлкөбүз өнүгүү жолуна түшүү алдында турат. Ушул убакыт кылым карыткан
кыргыз тарыхынын тактасында алдыга умтулуунун, жакшы жакка
өзгөрүүнүн негизи болуп калсын деп тилек айталы.

Аткаруучу: « ___7tv.kg____ » ; дареги: Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш.,Байтик Баатыр көчөсү 53;

. Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

2020-жылдын 29-декабрьда даярдалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида
Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

321