7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: “Биз мугалимдерге татыктуу кам көрсөк, алар биздин балдарыбызга ошондой кам көрөт”

258

Кыргызстандагы билим берүү системасы өтө кейиштүү абалда экенин билебиз. Бир
кездеги мугалим деген ардактуу кесиптин ээлери бүгүн коомдун аялуу катмарына
айланып калышты. “Мугалим – мөмөлүү дарак” – демекчи, “дарагыбызга” убагында
суу куюп, татыктуу кам көрсүк, “мөмөлөрү” да ошондой ширин, сапаттуу, мыкты болот. Президенттикке талапкер Садыр Жапаров эгер шайланып калса, билим берүү
тарамагына, мугалимдерге өзгөчө мамиле болоорун ар дайым айтып келет. ЖМКларга берген маектериндеги дал ушул тармакка арналган маселелер боюнча жоопторун сунуштайбыз
.

-Билим берүү тарамагында көйгөйлөр көп экенин билебиз. Эң негигизгилери, аларды чечүүнүн жолдору боюнча айтып берсеңиз?

Сөздүн ачыгы, 30 жыл ичинде билим берүү системасы ашмалтайы чыгып, кунарынан
кетти. Кырдаал мышык ыйлагыдай абалда. Мектептер жетишсиз, эң керектүү делинген
окуу китептери, техника, эмерек жок… Мен деле атамын. Ошондуктан мен үчүн
балдардын билими, ден соолугу биринчи орунда турат. Неберелерим мектепке барганы турушат. Алар кайда окушат? Ким окутат? Мейли, мектептерди го эптеп куруп атабыз, акчасын курулушка сала турган инвесторлор бар, бирок мугалимдер жок болуп жатпайбы! Сабак бере турган киши жок! Болгондо да Бишкекте ушундай болуп атпайбы! Тээ алыскы бир айылдардагы мектептерде эмес, борбордо абал ушундай. Айылдарды айтпай эле коелу, ал жакта бир эле мугалим бардык сабактардан бере турган болуп калыптыр. Анан кайсы жыргаган билим берүүнү айтабыз? Мындай аныктама бергеним үчүн кечирип коюңуз, бирок эски педагогдордун катары жылдан жылга азайып баратат, жаштарды болсо өстүргөн жокпуз. Мураскерлик, тажрыйба өткөрүп берүү деген жок.

-Сиз азыр эми мугалимдердин жетишпестигин кантип чечкен жатасыз? Мектепке
колунан сүйрөп келесизби?

-Албетте андай болбойт. Жаштар өзү кызыккыдай шарттарды түзүү керек. Мына караңыз. Мугалимдин статусу жөнүндө мыйзам бар. Анда баары сонун жазылган, бирок анын бири да иштебейт. Мугалимдердин көбү аларга эмнелер таандык экенин өзүлөрү да жакшы билишпейт. Бул мыйзам боюнча мамлекет мугалимдерге коммуналдык төлөмдөрдү, ипотеканы төлөгөнгө, жер тилкелерин алганга, кепилденген медициналык тейлөөгө акы төлөгөнгө жардам бериши керек. Айтор, жакшы жоболор көп. Эми анын баарын иштегидей кылуу керек. Эсиңизде болсо керек, совет доорунда аймактарга барып иштей турган мугалимдерди турак-жай менен камсыздап, электр жарыгын дээрлик бекер кылып, тоолуу аймактагыларга кошумча акы да төлөп берчү эмес беле. Мына ушундай мамилени кайра жандантуу керек. Маселе, ошол эле аймактарга кимди жөнөтүүдө турат.

-Бирок мунун баары дурус айлык акы болмоюнча ишке ашпай турганын билесиз да?-Түшүнөм. Мен мугалимдерге алтын тоону убада кылбайм. Айлык акыларды азыр эле
жакшылап көтөрө коюу да колдон келбейт. Чынын айтайын. Бирок биз мунун баарын
жасашыбыз керек. Биз мугалимдерге татыктуу кам көрсөк, алар биздин балдарыбызга
ошондой кам көрөт.

-Кандайдыр бир конкреттүү нерсе барбы? Сиз президент болуп шайландыңыз дейли. Ошондо азыр өзүңүз кеп кылып жаткан билим берүү тармагын жаңылоо боюнча алгачкы кадамдарыңыз кандай болот?

-Конкреттүүлүк бар. Мен саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарынын
адистери менен жолуккам. Абдан узак жана кенен сүйлөштүк. Алар мага көп жылдардан бери чече албай келаткан көйгөйлөр туурасында айтып беришти. Мына, пункттар боюнча алалы. Педагогдорду кесиптик жактан натыйжалуу кайра даярдоо, алардын кошумча жана жаңы иш көндүмдөрүнө ээ болуу системасын өнүктүрүүбүз зарыл. Квалификация боюнча категорияларын кайра кайтарып берүү. Мугалимдер үчүн ипотека, эл керектөөчу товарларды, анын ичинде компьютердик техника алуу үчүн жеңилдетилген насыялык пакеттерди иштеп чыгуу жана киргизүү. Бардык мугалимдердин социалдык жеңилдиктеринин тизмегин кеңейтүү жана аларды камсыз кылуу. Булар: коммуналдык тейлөө, коомдук транспортто жүрүү жана милдеттүү жана зарыл болгон чыгымдардын башка статьялары. Окуучулардын жетишкендиктери жана ийгиликтери үчүн меценаттык фонддор аркылуу сыйлоо системасын киргизүү туура болмок. Бул жакшы кызыктыруу эмеспи.
Сиңирген кызматын эске алуу менен пенсияларды жогору жагына карата эсептөө
системасын кайра карап чыгуу керек. Айлык акылардын базалык өлчөмүн көбөйтүү зарыл.
Баса, ЖОЖдор туурасында өзүнчө кеп кылуу керек. Аларга лицензия берүүнү
катаалдаштыруудан баштоо зарыл. Окуу жайларынын саны көп болгону менен окутуунун сапаты начар. Ошондой эле пландаштыруу жана мамлекеттик буйрутма менен алектенүү керек. Бизде банкирлерди, экономисттерди, менеджерлерди шагырата чыгарып жаткан “университет” дегендер сайдын ташындай жайнап кетти. Анан анын баары жумушсуз отурат. Өлкө болсо профессионал энергетиктерге, инженерлерге, геологдорго, врачтарга, мугалимдерге муктаж.

Аткаруучу: « __7tv.kg_____ » ; дареги: Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш.,Байтик Баатыр көчөсү 53;

Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. . 2020-жылдын 29-декабрьда даярдалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида
Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

259