Көмүрдүн орточо чекене баасы ноябрь айына салыштырмалуу тоннасына 190,15 сомго же 4,3 пайызга жогорулады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Ошол эле учурда көмүрдүн орточо керектөө баалары Ноокатта (тоннасы 8 миң 406,12 сом), Баткенде (тоннасы 8 миң 68,94 сом) жана Исфанада (тоннасы 7 миң 797,44 сом) катталды.
Эң арзан көмүр Балыкчыда (3 миң 700 сом), Нарында (3,5 миң) жана Чаек айылында (2,5 миң).
Бир ай ичинде көмүрдүн баасы эң көп Кербен шаарында — 1917 сомго, же 51,1 пайызга, Өзгөндө — 1 миң 371,27 сомго, же 30,8 пайызга, Кара-Суу шаарында — 500 сомго же 9,1 пайызга жогорулаган.