Чүйдө блогер улгайып калган адамдан 40 миң доллар талап кылды деп кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-апрелде 76 жаштагы адам блогерге чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган.
Жабырлануучунун айтымында, апрель айынын башынан бери 40 миң доллар талап кылып, болбосо видеону массалык маалымат каражаттарына жарыялайм деп коркутуп жүргөн. Опузалап алынган суммадан блогер 37,3 миң доллар алган. Кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган жаран кармалган.
Кечээ 2-майда калган сумманы (2,7 миң доллар) алуу учурунда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү социалдык тармактарда коррупцияга каршы күрөшүү, транспорт маселеси тууралуу виделорду тарткандыгы анык болгон.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.