7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эрбол Султанбаев: «АКШны биздин ички иштерибизге кийлигишпөөгө чакырабыз»

416

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев АКШны Кыргызстандын ички иштерине киришпөөгө чакырды. Ал социалдык тармактагы баракчасына “Азаттыктын” жабылуусу тууралуу өз оюн билдирди.

“АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын жана мамлекеттик департаменттин «Азаттык» боюнча кайрылуусу менен тааныштык. Алар алыскы жакта болгондуктанбы, бул жактагы жагдайды жеринен толук билбей, так түшүнбөй билдирүү жасаганы көрүнүп турат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык» чек арадагы окуя боюнча чындыкка дал келбеген маалымат таркатканы үчүн тийиштүү мыйзамдарыбызда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барган. Андан соң аталган министрлик сот органдарына кайрылган. Сот органдары териштирүүлөрдүн жүрүшүндө тийешелүү чечим кабыл алышкан. Сот бийлиги бизде көз карандысыз, чечимди өз алдынча кабыл алат. Алардын ишине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок. Кыргызстан — ачык-айкын, эркин өлкө. Бизде сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок. Өлкөбүздө ар бир жаран өз пикирин ачык айтууга толук укуктуу жана алар ушул укугун толук кандуу пайдаланышат. Ошондой эле бардык уюмдар дагы ушундай укуктарга ээ. Бир гана шарт, өз ишмердигин мыйзамдарды так сактоо менен алып барышы зарыл. Андыктан аталган билдирүүлөр орунсуз жана негизсиз деп эсептейбиз жана биздин ички иштерибизге кийлигишпөөгө чакырабыз”- деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Ленин райондук соту “Азаттыкты” жабуу тууралуу Маданият министрлигинин арызын канааттандырган. Андан соң, АКШ Конгрессинин өкүлү менен Мамдепартаменти соттун чечимин жокко чыгаруу керектигин айтып чыккан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

417